Жаңы мыйзам: Кандай маалыматтарды таратууга тыюу салынды
Кыргызстанда мындан ары жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө жаңы мыйзам иштеп баштайт. Ушул жылдын июнь айынын аягында Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга президент Садыр Жапаров жакында кол койду. 8-августта “Эркин Тоо” гезитине расмий жарыяланды. Эми 15 күндүн ичинде мыйзам күчүнө кирет.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Атай Осмонбаев ЖМК өкүлдөрү мыйзам бузууга барбаш үчүн кандай кадамдардан алыс болушу керектигин эскертти.
Айтымында, мыйзамдын 5-беренесинде бир нече тыюу салуу каралган. Алар:
КР бийлигин күч менен басып алууга чакырыктарды жасоо;
рассалык, диний, аймактык бөлүп-жаруу;
улуттук ар намысты коозутуу;
терроризмди, зомбулук экстремизмди колдоо максатында кайсы бир маалыматты таратуу;
зомбулукту, мыкаачылыкты, баңгичиликти жайылтуу.
“Эгерде ушул нерселердин кайсы бири ЖМК ишмердүүлүгүндө байкалса, бул мыйзамдын 5-беренесин бузуу болуп саналат. Ошондуктан, азыркы заманда контенттин ар түрдүүлүгүн эске алып, маалымат жайылтууда, эфирге чыгарууда этият болуу зарыл”, – деди ал.
