Жайыл районунда жол боюнда мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жарандарга карата рейддик иш-чара болуп өттү
2025-жылдын 4-сентябрында Жайыл РИИБдин кызматкерлери райондун аймагында күйүүчү майлоочу материалдарды жана атайын суюктуктарды кабыл алуу, сактоо эрежелерин бузган жайларды аныктоо максатында рейддик иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз күйүүчү май саткан жаран аныкталып, аларга карата акт түзүлүп, мыйзамсыз сатылып жаткан 410 литр бензин алынды.
Ошондой эле ушуга окшош көрүнүштөрдү жана укук бузууларды болтурбоо максатында жарандар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эреже бузган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодексинин 161-беренесинин негизинде протоколдор түзүлдү.
