Ош өз билемдик менен курулган имараттардан тазаланат
20 февраль

Ош өз билемдик менен курулган имараттардан тазаланат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 19-февралда таң эрте менен тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге кезектеги рейдге чыкты.

Мэрдин бул жолку кыдыруусу Р.Моминова, Ш.Руставели, И.Саидов, Волгоград, Физули, С.Ахмедов жана А.Каримов көчөлөрүндө болду.

Шаар башчысы ички көчөлөрдө өз билемдик менен курулуп калган, башаламан курулуштардан улам кенен жолдор тарайып, негизги транспорттук каттамдарда тосколдук жаратып жатканын белгиледи.

Анын менен бирге тиешелүү кызматтарга тез аранын ичинде Р.Моминова, Волгоград жана Физули көчөлөрүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча жумуштарды баштоону милдеттендирди.