Жол ачык, каттам бар. 25-февралга карата ашуулардагы абал
Бүгүн, 25-февраль саат 09:30га карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
