Жалал-Абад шаарында мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөр текшерилүүдө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен, шаардык кеңештин депутаттарынан жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринен турган комиссиялык топ шаардагы мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөргө рейд жүргүздү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору билдирет.
Рейддин жүрүшүндө соода түйүндөрүндөгү жаш балдар көп алуучу азыктардын сертификаттары, курамы жана жарамдуулук мөөнөтү текшерилип, сапаты талапка жооп бербеген, курамы күмөн жараткан жана балдардын ден соолугуна кооптуу делген таттууларды, азык-түлүктөрдү сатпоо талабы коюлуп, эскертүүлөр берилди.
Ошондой эле, 18 жашка толбогон өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди, тамекилерди жана энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынаары жана дүкөндөрдүн айланасын таза кармоо керектиги эскертилди.
