Талиева: Айыл өкмөт башчылары чекебизден камалып кетпейли деп кызматкер ала албай отурушат
Депутат Камила Талиева «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында административдик-аймактык реформанын кемчиликтерин көрсөттү.
Айтымында, Лейлек районундагы төрт айыл өкмөтү бириктирилип, эки чоң айыл өкмөткө айланган. Анын бири – Бешкент менен Кең-Талаа айыл өкмөттөрү бириктирилип, Кең-Талаа айыл өкмөтү болуп калды.
«Бириктирилген айыл өкмөттөрдүн баарында ушул көйгөй. Мен бирөөсүн гана айтайын. Кең-Талаа айыл өкмөтүндө мыйзамдагы чалкештиктерден улам көп иштерди жасай албай, айыл башчынын колу байланып отурат.
Мисалы, аталган айыл өкмөттө социалдык объектилер абдан көп – 9 айыл, 7 мектеп, 6 ФАП, 8 бала бакча ж.б. Элдин саны 19 миңге чукулдап калды.
Ушул жылдын февраль айында пилоттук режимде деп 52-токтом менен убактылуу жобо киргизилген. Айыл өкмөтүндө кенже персоналдарды кошпогондо 11 штат бар. Жобого ылайык, элдин санына жараша 6 кызматкерди контрактык негизде алууга болот. Бирок так ушул нерседен айыл өкмөт башчылары кыйналып жатат. Контрактык негиз жакшы натыйжа бербей турат. Контракт кантип түзүлөөрү так көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан айыл өкмөт башчылары чекебизден камалып кетебиз деп түзүүдөн коркуп отурушат. Анткени, жободо жок.
Андан сырткары айыл башчылары орун басарларын ушул күнгө чейин дайындай элек. Анын да себеби – жободо так көрсөтүлбөгөнү, каржысы каралган эмес, орун басарлардын штаты белгиленген эмес. Мына, ушундай кемчиликтер чыгып жатса, силер административдик-аймактык реформа ийгиликтүү аяктады деп жатасыңар. Ийгилик айылдан башталат», – деди Талиева.
