Бактыбек Сыдыков айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков айыл өкмөттөрүндөгү иштеген кызматкерлердин санын көбөйтүүнү сунуштады.
Ал административдик-аймактык реформасынын алкагында, жергиликтүү органдардын штаты кеңейтилиши керек деп эсептейт.
«10 миң калкы бар райондордун айыл өкмөттөрүндө 9 кызматкер, 10 миңден 25 миңге чейин калкы бар айыл өкмөттөрүндө 11 кызматкер, 50 миңге чейин калк бар жерде 13 кызматкер иштейт деп айттыңар. Бул кандай болуп калат? Административдик-аймактык реформадан кийин 11 миңге чейин калкы бар айыл өкмөтүнүн өзү жок. Чоң айыл өкмөттөрүн 13 кызматкер кантип тейлейт?» – деди депутат.
Ошондой эле, ал айрым учурларда кызматкерлердин штатын көбөйтүүгө президент уруксат бергенин жана ошол мүмкүнчүлүктү айыл өкмөттөрү колдонушу керектигин белгиледи.
«Ноокен районунда 17 айылда 3 айыл башчысы бар. Мындан сырткары айыл өкмөттөрүндөгү кызматкерлердин айлык акысын да карап коюшубуз керек. Айлык акы жогору болсо, тажрыйбалуу кызматкерлер эч кайда кетпей иштейт», – деди Сыдыков.
