Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар объектилер ишке берилет
Жалал-Абад облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар ири социалдык жана инфраструктуралык объекттер ишке берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күн мурун Жалал-Абад шаары жана Сузак районундагы курулуш иштери аяктоо алдында турган объекттер менен президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, ошондой эле тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жана орун басарлары жеринен барып таанышып чыкты.
