«Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду дүлөй балдар мектебинин тарбиялануучуларынын өзүнө болгон ишенимин жана өз алдынчалуулугун бекемдейт
12-августта «Эл-Ди-Эс Черитиз» кайрымдуулук фонду директору Дмитрий Цайдын жетекчилиги алдында Бишкектеги жана Жайыл районундагы буга чейин гуманитардык жардам берилген бир катар объектилерди кыдырышты.
Бул сапардын жүрүшүндө борбор калаадагы дүлөй балдардын атайылыштырылган жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында да болушту. Конокторду мекеменин директору Каныкей Жүзүмалиева, ошондой эле билим берүү департаментинин өкүлдөрү тосуп алышты. Расмий бөлүктүн алкагында учурашуу, ыраазычылык каттарын тапшыруу жана фонд тарабынан берилген жабдыктарды текшерүү орун алды.
1934-жылы уюшулган мекемеде бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар тарабынан келген 6 жаштан 18 жашка чейинки 310 дүлөй бала билим алат. 260ка жакын тарбиялануучу интернатта туруктуу жашайт. Алардын көпчүлүгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, ата-энесинин бирөөсү эле тарбиялаган же социалдык жетимдер. Дүлөйлүктөн тышкары көбү башка да оорулар, анын ичинде таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу, көрүүнүн бузулушу жана өнүгүүнүн артта калышы менен жабыркашат.
Долбоордун алкагында, фонд мектепке төмөнкүлөрдү тапшырган:
- Жүктөө жөндөмдүүлүгү 18 кг болгон 2 өнөр жай кир жуугуч машина;
- Жүктөө жөндөмдүүлүгү 14 кг болгон эки өнөр жай кир кургатуучу машина;
- 1 кийим үтүктөөчү аппарат.
Фонддун директору Дмитрий Цайдын айтымында, уюмдун миссиясы – оор турмуштук шартка кабылган адамдарга жардам берүү.
“Айланабызда жардамга муктаж канча деген адам турса, кайдыгер калуу мүмкүн эмес. Биз биринчи керектөөдөгү буюм-тайымдарга гана эмес, узак жылдар кызмат кыла турган жабдыктарды да беребиз. Биздин ишмердүүлүк адамга өзүнө болгон ишенимди кайтаруу жана анын өз алдынча болуусуна жардам берүү”, – деди ал.
Фонд Кыргызстандагы калктын аярлуу катмарына жана социалдык мекемелерге колдоо көрсөтүүсүн улантууда.
