Жээнбек Кулубаев ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен жолугушуу өткөрдү
Ү.ж. 27-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиевдин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары чыңдоого, ошондой эле мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара байланыштарды тереңдетүүгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Башкы катчы К.Омуралиев Министрге ТМУ Катчылыгынын 2024-жылга карата ишинин жыйынтыгы, ошондой эле учурдагы мезгилге иш пландары тууралуу маалымат берди.
Министр Ж.М.Кулубаев Бишкек декларациясын, ошондой эле Кыргызстандын ТМУда учурда төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өзгөчө көңүл 2025-жылы Кыргыз Республикасынын ТМУга төрагалык кылуусуна байланыштуу боло турган иш-чараларга бурулду.
Жолугушуунун соңунда тараптар ТМУ алкагында жигердүү иштерди улантып, пландалган демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды жасоого макулдашышты.
