Кыргызстан 2026-жылы алтын корун көбөйткөн өлкөлөрдүн катарына кирди
сүрөт: depositphotos.com
5 ноябрь

Кыргызстан 2026-жылы алтын корун көбөйткөн өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргызстан 2026-жылдын башынан бери алтын запастарын көбөйткөн өлкөлөрдүн катарына кошулду. Бул тууралуу Дүйнөлүк алтын кеңешинин (World Gold Council) сентябрдын аягына карата жарыяланган маалыматы күбөлөндүрөт.

Уюмдун графигинде Кыргызстан алтынды таза сатып алган өлкөлөрдүн катарында көрсөтүлгөн. Алтын запастарынын өсүшү 10 тоннага жетпеген категорияга кирген.

Жыл башынан бери алтынды эң көп сатып алган өлкө Польша болду. Ал өзүнүн алтын корун 123 тоннага көбөйткөн. Ал эми Кытай 103 тонна алтын сатып алып, 100 тонналык чектен ашкан экинчи өлкө болду.

Өзбекстан менен Казакстан да алтын запастарын кыйла көбөйтүштү. Алтынды таза сатып алуучулардын катарына Чехия, Сингапур, Чили, Иордания, Гана, Малайзия, Боливия, Камбоджа, Сербия, Гватемала, Индонезия жана Кыргызстан кирди.

Жалпысынан сентябрь айында дүйнө өлкөлөрүнүн борбордук банктары 61 тонна алтын сатып алышкан. Бул — 2026-жылдагы бир ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Жыл башынан бери дүйнөлүк борбордук банктардын алтынды таза сатып алуу көлөмү 228 тоннага жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7% аз.

Ал эми жыл башынан бери алтынды эң көп саткан өлкө Түркия болду. Анын таза сатуу көлөмү болжол менен 82 тоннаны түздү. Россия 62 тоннага, Азербайжан 22 тоннага жакын алтын саткан.