Транспорт салыгы жокко чыгарылды: жарандар эмнелерди билиши керек
12 август

Транспорт салыгы жокко чыгарылды: жарандар эмнелерди билиши керек

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков видеомаегинде 2025-жылдын 1-январынан тартып салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык транспорт каражаттарына төлөнүүчү салык жокко чыгарылганын эскертти.

Ал төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи:

2025-жылга транспорт салыгын төлөө талап кылынбайт.
2025-жылдын 1-январына чейинки транспорт салыгы боюнча бардык карыздар толугу менен жоюлат.

"Эгерде жарандарда транспорт салыгы боюнча ашыкча төлөмдөр болсо, анда алар 30-ноябрга чейин өздөрүнүн тиешелүү салык органына бул ашыкча төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жөнүндө арыз менен кайрыла алышат", – деп белгиледи Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Калктын жана ишкердик субъекттердин салык жүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон.

Мыйзамда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, экономикалык туруктуулукту колдоого жана өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар салыктык жеңилдиктер каралган.