видеодон алынган кадр
28 май
Бишкекте кампадан чыккан ири өрт өчүрүлдү
Бишкек шаарынын М. Лущихин көчөсүндө жайгашкан кампалардын биринен чыккан өрт саат 20:06да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.
Кырсыктан жабыркагандар жок.
Тилсиз жоо каптаган аянт болжол менен 900 чарчы метрди түздү.
Белгилей кетсек, бүгүн кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен жерине жалпы жети күжүрмөн эсеп тартылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, темир устундуу жана темир менен жабылган кампанын ичинде сакталган картон коробкалар, желим бөтөлкөлөрдүн даярдамалары (преформа), жыгач жана желим поддондор күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
