Минкаб төрагасы Ош шаарындагы жол куруу иштери менен таанышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен бирге И.Саидов көчөсүндө жүрүп жаткан курулуш иштерин жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Аталган көчөдө буга чейин кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар толугу менен алынып салынып, инженердик коммуникациялар жылдырылып, жаңыланган.
Жол туурасынан 4 тилкелүү болуп, 26 метрге кенейтилген. Жалпы узундугу 1,2 чакырымды түзөт. Учурда жолду басып тегиздөө, асфальт төшөөгө, жолду бекемдөө максатында тирөөч дубал курууга даярдык иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары, мында тротуарларды куруу менен бирге ирригациялык тармактарды орнотуу жана жашыл аймактарды түзүү каралган.
