“Кадастр” ишканасынын Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары кармалды
3 март

“Кадастр” ишканасынын Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары кармалды

“Кадастр” ишканасынын Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары Э.А.А. 15 сотых жер тилкени пара катары алгандыгы аныкталган.

Көк-Жар айылынын 172, 544, 549-556, 552-контурларындагы жер тилкелеринин алынышынын мыйзамдуулугун текшерүүдө 2007-жылы №544 контурдан жарандарга 4,3 гектар айыл чарба жерлери бөлүнүп берилгени такталган.

Узак убакыт бою аталган аймак өз максатына ылайык пайдаланылбай, менчик ээлери аны майда участокторго бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн. Трансформацияга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, Э.А.А. жер тилкени трансформациялоого көмөк көрсөтүүнү сунуштап, сыйлык (пара) катары ошол эле аймактан 15 сотых жер тилкесин ээлеп алган.

Аталган жер тилкеси жээни болуп эсептелинген адамга катталган.

Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында А.Э.Э. кармалып, КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

УКМК Бишкек шаарынын айланасындагы аймактардагы, анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жер тилкелерине карата мыйзамсыз аракеттерди аныктоо, ошондой эле аларды мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган адамдарга карата азыркы мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлөт.