Адылбек Касымалиев Оштогу “Жапалак" базарындагы иштердин жүрүшү менен таанышты
23 май

Адылбек Касымалиев Оштогу “Жапалак" базарындагы иштердин жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Жапалак” муниципалдык автоунаа базарындагы иштердин жүрүшү менен таанышты. 

Өкмөт башчысы базар аймагына асфальт төшөө иштерине даярдоо, жарыктандыруу системасын орнотуу жана базарга кирүүчү кошумча жолдордун курулушун көрдү.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө базардын административдик имаратынын пайдубалы куюлуп, тосмолор орнотулууда. Базардын аймагы жашылдандырылып, павловния дарагынын көчөттөрү отургузулуп, газон себилген.

Ошондой эле саркынды суу түтүктөрү жайгаштырылып, электр мамычалары орнотулган.

Белгилей кетсек, унаа базарынын аймагына административдик имараттан сырткары соодагерлер жана сатып алуучулар үчүн ашкана, намазкана, социалдык кызматтар үчүн бөлмөлөр, кызматкерлер үчүн атайын унаа токтоочу жай, ажаткана курулат.