Чүй облусунда бир жумада жол эрежесин бузган 5,5 миң учур катталды
Чүй ОИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 21-декабрь күнүнөн 28-декабрь күнүнө чейин, алдын ала маалымат боюнча 5581 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 42;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 68;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 4;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 742;
- Карама каршы тилкеге чыгып озуп өтүү – 47;
- Жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусу менен жол эрежесин бузуу – 265;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 226 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
