Кыргызстан менен ЕАӨБ медицинанын санариптик келечеги үчүн күчтөрүн бириктирүүдө
23 май

Кыргызстан менен ЕАӨБ медицинанын санариптик келечеги үчүн күчтөрүн бириктирүүдө

КР саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) Башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Санариптик демилгелер фондунун (СДФ) куратору Тигран Саркисян жана КР президенттик администрациясынын Санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун негизги темасы — Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын санариптик трансформациялоо жаатындагы кызматташууну бекемдөө жана СДФ куралдарын колдонуу аркылуу биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу болду.

Саламаттыкты сактоо министри өзүнүн амандашуу сөзүндө Тигран Саркисянга иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, санариптик чечимдер жана мүчө-мамлекеттердин ортосундагы технологиялар трансфери аркылуу ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди илгерилетүүдөгү Санариптик демилгелер фондунун маанилүү ролун белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагында бир катар санариптик долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларын карашты. Атап айтканда, министр техникалык жана каржылык колдоону талап кылган бир нече демилгелерди сунуштады:

- дары каражаттарынын электрондук соодасы үчүн санариптик платформаны (электрондук дарыкана) өнүктүрүү;

- фельдшердик-акушердик пункттарда (ФАП) мобилдик диагностикалык жабдууларды колдонуу менен телемедициналык чечимдерди киргизүү жана интеграциялоо.

Бул демилге алыскы айылдык аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү тереңдетүүгө, санариптик демилгелерди биргелешип илгерилетүүгө жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасындагы реформаларды ар тараптуу колдоого даяр экендиктерин билдиришти.