Баткен районунда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жаран кармалды
13 февраль

Баткен районунда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жаран кармалды

Баткен районунда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча жаран кармалды. Тактап айтканда, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Т.А. өз жубайына бир нече жолу үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндүгү аныкталган. Ал буга чейин 2025-жылы 3 жолу аялына зомбулук көрсөтүп коргоо ордерин алган. 2026-жылы бир жолу зомбулук көрсөткөндүктөн кармалды.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.