Ошто үч кабаттуу муниципалдык жатакананын курулушу уланууда
Ош шаарындагы Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгында үч кабаттуу муниципалдык жатакананын курулушу уланууда.
Мэриядан кабарлашкандай, учурда имараттын 50гө жакын бөлмөсүнүн дубалдары сырдалып, терезелери толук орнотулду.
Сырткы фасады жылууланып, травертин ташы менен капталып бүттү. Учурда ички пол төшөө жана короо жайын иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.
Эске сала кетсек, быйыл февраль айында өткөн элдик жыйында тургундар турак-жай маселесин көтөрүшкөн. Бул көйгөйдү чечүү максатында шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев муниципалдык жатакана куруу демилгесин көтөргөн.
