Энергетика министрлиги: Москва районунда оңдоп-түзөө иштери 70% аяктады
Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого койгон пландарынын алкагында, энергетиктер Москва районунда алдыдагы 2025-2026-жылдагы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин 70 пайызга аяктады.
Быйылкы жылга пландаштырылган иштердин алкагында энергетиктер 79 даана трансформатордук көмөк чордонду, 80 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрдү.
Мындан тышкары 401 даана трансформатордук көмөк чордон жана 600 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Капиталдык курулуш иштеринин алкагында 8 чакырым СИП-2 аба чубалгысы тартылып, 336 даана темир-бетон мамылары орнотулду.
Бул иштер Москва районунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат. Калган техникалык тейлөө, капиталдык оңдоо иштери 2025-жылдын 1-ноябрына чейин толук аяктайт.
Аталган иштер “КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылууда.
