Бишкектин бир бөлүгүндө 14-августта таза суу жок болот
12 август

Бишкектин бир бөлүгүндө 14-августта таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө 14-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектешет:

Усенбаев -Күрөңкеев  - БЧК - Элебесов  - Аул - Керамическая - Хвойная көчөлөрү.

Бузууларды жоюуга байланыштуу суу токтотулат.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.