www
9 июнь
Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты 10-июнда өтөт
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы башкы прокурор, бир учурда ИИМди жетектеген Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты эртең, 10-июнда саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, Мыктыбек Абдылдаев 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Мыктыбек Юсупович өмүрүнүн көп жылдарын кыргыз элине кызмат кылууга арнап, жооптуу жетекчилик кызматтарды аркалап, мамлекеттик башкаруу тутумун жана ички иштер органдарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон.
Ал 1953-жылы 17-августта Чүй облусуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган.
Ал акыркы жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеген.
