Чүй облусундагы Сокулук – Белогорка унаа жолуна асфальт төшөлүүдө
Чүй облусундагы Сокулук – Белогорка унаа жолунун 2 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Жумуштар министрликке караштуу № 1 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Жалпы 49 чакырымды түзгөн бул жолдун быйыл 5,2-7,2-чакырымдар аралыгын асфальттоо пландалган. Азыркы тапта жумуштар ортолоп, 1 чакырым жол жасалды.
Эске салсак, былтыр Сокулук – Белогорка жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлгөн.
