Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФ абанын булганышынын калктын саламаттыгына тийгизген таасирин талкуулашты
19 февраль

Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФ абанын булганышынын калктын саламаттыгына тийгизген таасирин талкуулашты

Бүгүн, 2025-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Самман Таппа мырза жетектеген ЮНИСЕФтин өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер менен техникалык кеңешме өткөрдү, анда саламаттыкты сактоону каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги маселелери, ошондой эле балдардын жана бүтүндөй калктын ден соолугуна абанын булганышынын таасирин азайтуу боюнча чаралар талкууланды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик чыгашалардын натыйжалуулугун талдоонун жыйынтыктары талкууланып, кыйла олуттуу натыйжаларга жетишүү жана калктын медициналык кызматтарга жалпы жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамга (БМСЖ) инвестицияларды көбөйтүү зарылчылыгы баса белгиленди. Сунуштардын катарында каржылоонун айрым принциптерин кайра карап чыгуу, профилактикалык медицинаны чыңдоо, дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, медициналык секторду жыйынтыкка негизделген каржылоого өткөрүү ж.б.у.с. сунуштар айтылды. 

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев белгилегендей, саламаттыкты сактоо тармагын эффективдүү каржылоо өтө маанилүү маселе.

«Биз мамлекеттик чыгымдарды гана көбөйтпөстөн, баштапкы медициналык-санитардык жардамга жана оорулардын алдын алууга басым жасоо менен аны кайра бөлүштүрүүбүз керек. ЮНИСЕФтин далилдүү жана глобалдык тажрыйбалуу талдоосу көрсөткөндөй, каржылоодо, кызматтарды көрсөтүүдө, дары-дармектерде ж.б. негиздүү чараларды колдонуу системанын туруктуулугун жана эң негизгиси калктын медициналык кызмат көрсөтүүгө жалпы жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет. Биз ЮНИСЕФ жана башка өнөктөштөр менен бул чараларды мындан ары иштеп чыгуу үчүн деталдуу негиздөө боюнча иш алып барууга даярбыз», – деп кошумчалады Эркин Чечейбаев. 

Жыйындын маанилүү темасы абанын булганышы жана анын ден соолукка тийгизген таасири болду. ЮНИСЕФтин консультанты Сент-Луис университетинин (АКШ) профессору Джей Р.Тернер абанын булганышынын балдарга жана аялдарга тийгизген таасирин азайтуу стратегиясын сунуштады. Ал бул көйгөйдү изилдөөгө багытталган Ош шаарында пилоттук долбоорго токтолду. Изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктарын 2025-жылдын апрелинде берүү пландалууда. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы медициналык системаны жакшыртуу жана жарандардын, өзгөчө балдардын ден соолугун коргоо боюнча чечимдерди издөөдө техникалык өнөктөштүктүн маанилүүлүгү баса белгиленди.