Киберкоопсуздук же баланы интернеттеги зыяндан кантип коргойбуз?
Бүгүнкү күндө адамзаттын жашоосун интернетсиз элестетүү такыр мүмкүн эмес. Интернет жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Чоңдор, окуучулар жада калса жаш балдар да смартфон, планшет же компьютер аркылуу маалымат издеп, оюн ойнойт, социалдык тармактарды колдонушат. Бул санариптик дүйнө балдарга билим алуу, өнүгүү, достор менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн берип жатканы менен, коркунучтар да аз эмес.
Бул — буллинг, башкача айтканда, адамды коркутуу, басмырлоо, мазактоо же зомбулук көрсөтүү жолу менен басым жасоо.
Шылуундар — алардын максаты ар кандай жолдор менен адамдын психологиясына кирип, тузагына түшүрүү. Аларга жаш балдар эмес, кээде чоңдор да алданып калган учурлар көп кездешет.
Кесепеттүү жана кооптуу контент, ата-энелерди тынчсыздандырган ар түрдүү оюндар ж.б.у.с,.
Акыркы бир нече жылдан бери балдар убактысынын көп бөлүгүн интернетте өткөрүүдө. Мындай маалыматты Бириккен Улуттук Уюму (БУУ) тараткан.
БУУнун билдирүүсүнө таянсак, дүйнө жүзү боюнча ар бир жарым секундада бир бала интернетке кирет.
Ал эми балдардын укуктарын илгерилетүүдө жана коргоодо дүйнөлүк лидер катары таанылган ЮНИСЕФ уюмунун изилдөөсүндө киберзомбулук 30 өлкөдө жаштардын үчтөн биринен көбүрөөгүнө таасирин тийгизе тургандыгы айтылат. Анын кесепетинен ар бир бешинчи бала мектепке барбай, тиешелүү деңгээлде билим албай калууда.
Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери колдоно ала турган пайдалуу ресурстардын бири Kaspersky жүргүзгөн дагы бир изилдөөгө таянсак:
• Өспүрүмдөрдүн 73% телефонсуз жашоосун такыр элестете албайт, алардын жарымы уктаарда да смартфонун жанынан чыгарбайт;
• 8–16 жаштагы балдардын дээрлик жарымы күнү-түнү интернетте, негизинен көңүл ачуу тиркемелерди жана социалдык тармактарды колдонушат;
• Ар бир экинчи балага жакыны интернетте купуя маалыматтарды, анын ичинде үй дарегин да бөлүшөт;
• Жаштардын үчтөн бири өзүнүн жашын интернетте атайылап туура эмес көрсөтөт (көпчүлүк учурда жаш курагын улуу көрсөтүшөт);
• Балдардын 37% онлайн чөйрөдө коркунучтарга туш болуп көрүшкөн — киберзомбулукка, финансылык алдамчылыкка жана туура эмес контентке.
Балдар менен санарип дүйнөнүн ортосундагы байланышта албетте ата-эненин түздөн-түз көзөмөлү болушу абзел. Ансыз коопсуздукту камсыз кылуу такыр мүмкүн эмес. Ата-эне баласы бош убакытта эмне менен алек болот, кандай сайттарга кирет, кандай тиркемелерди көчүрүп алгандыгын көзөмөлдөшү керек.
Ар бир ата-эне баласы менен интернетте болгон бардык коркунучтарды ачык талкуулоосу зарыл. Балага басканды үйрөткөндөй эле, интернетти коопсуз колдонууну үйрөтүү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
♦ Баланы интернеттеги коркунучтардан кантип сактайбыз?
• Шылуундарды, алдамчыларды таанууга үйрөтүңүз: жасалма жарнаманы, шектүү сурамжылоолорду, лотерея сунуштарын жана жеке маалымат чогултуу ыкмаларын түшүндүрүңүз.
• Этият мамиле адатын калыптандырыңыз: шектүү шилтемелерди ачардан же белгисиз адамдардан келген файлдарды жүктөөлөрдөн мурун ойлонуп көрүүнү үйрөтүңүз.
• Киберкоопсуздук эрежелерин эрте үйрөтүңүз: Баланы интернеттеги ар бир кадамы жоопкерчилик талап кылаарын түшүндүрүңүз.
• Ачык сүйлөшүүнү өнүктүрүңүз: Балаңызга интернетте болгон күмөндүү же кооптуу жагдайларды жашырбай айтууга шарт түзүңүз.
Киберкоопсуздук жана балдар — бул бир эле Кыргызстанга эмес, бүткүл дүйнөгө тиешелүү болгон өтө олуттуу тема.
Жакында эле Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарды маанилүү бир жагдайга көңүл бурууга чакырды.
Ведомство жаш балдар онлайн оюндарды көп ойноп жаткандыгын билдирип, буга байланыштуу ата-энелерди балдарына көңүл бурууга үндөдү.
"Жаштар арасында Roblox оюну популярдуу болуп жатат, бир караганда, оюн жөнөкөйдөй көрүнүп, бирок анын артында кооптуу учурлар болушу ыктымал".
Алар:
- Баланын жаш курагына туура келбеген маалыматтын таралышы;
- Алардын мыйзамсыз иштерге же кылмыштарга аралашуусу;
- Чоочун адамдар менен байланыш түзүүсү;
- Ата-энелеринин банктык карталарынын колдонулушу;
- Кылмыш кылууга шарттарды түзүүнү.
Министрлик дагы балдарды коргоо үчүн бир нече эрежелерди сунуштады:
- Балдарыңыздын кандай оюндарды ойногонун көзөмөлдөңүз;
- Алар интернетте ким менен сүйлөшөрүн билип туруңуз;
- Онлайн оюндарда өткөрүлгөн убакытты чектеңиз;
- Мобилдик түзмөктөрдө ата-эне көзөмөлүн колдонуп туруңуз;
- Балдарыңызга көбүрөөк убакыт бөлүп, сиздин коргооңузда экенин билдирип туруңуз.
