Чүй: Кеминде дизайн-коддун негизинде эскиздик долбоорлор иштелип чыгууда
18 август

Чүй: Кеминде дизайн-коддун негизинде эскиздик долбоорлор иштелип чыгууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан дизайн-коддун талаптарына ылайык дүкөндөрдүн, банктардын жана башка коомдук объектилердин сырткы көрүнүшүнүн эскиздик долбоорлору иштелип чыгууда.

Эскиздик долбоорлордо имараттардын фасаддарынын түсү, архитектуралык чечимдери, көрнөк-жарнактарды жайгаштыруу жана башка тышкы элементтерди бирдиктүү талаптарга ылайыкташтыруу каралган.

Дизайн-коддун негизги максаты — шаардык чөйрөнүн архитектуралык биримдигин камсыз кылуу, көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана Кемин шаарын заманбап, көрктүү шаардык чөйрөгө келтирүү.