Бишкек: 14 кабаттуу турак үйдүн курулушунда кемчиликтер аныкталып, айып пул салынды
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан борбор калаадагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында Бишкек шаарынын Севастопольская көчөсү 7 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Тактап айтканда, аталган турак жайдын 1-блогунун 7-кабатында плитадан чыгып турган арматуранын коргоочу катмарынын өлчөмү долбоордук талаптарга ылайык келбестиги аныкталган. Бул конструкциянын бекемдигине жана ишенимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, имараттын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Натыйжада, аталган факт боюнча “Инком системс” ЖЧКсына тиешелүү акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.
