Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 19-февралда Швейцариянын Кыргызстанда элчиси Оливье Бангертер менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана өнүгүү перспективалары талкууланды.
Саясий жана соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн олуттуу активдешүүсүн белгилеп, өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштурууга жана кыргыз-швейцариялык өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүгө кызыкдар экени ырасталды.
Тараптар ошондой эле 2025-жылдын 22-23-апрелинде Бишкек шаарында өтө турган «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» аттуу Эл аралык конференциясына швейцариялык делегациянын жогорку деңгээлде катышуусун талкуулашты.
