Кант – Горная Серафимовка каттамы асфальтталат
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант–Горная–Серафимовка унаа жолунун 10 чакырымын асфальттоо иштери Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинен каржыланып, учурда жолду кеңейтүү жана жер жумуштары жүрүүдө. Иштерди №43 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө.
Бул долбоордун ишке ашырылышы район үчүн өзгөчө мааниге ээ. Жол асфальтталгандан кийин Ичке-Суу, Норус, Алмалуу, Кебек-Бий, Тогуз-Булак, Карагай-Булак жана башка айылдардын тургундары район борборуна түз каттай алышат. Бул болсо элдин убакыт үнөмдөөсүнө, ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүсүнө шарт түзөт.
Жаңы каттам айылдар менен борборду туташтырган көпүрө болуп, социалдык жана экономикалык байланыштарды чыңдайт. Ошондой эле транспорттун кыймылын жеңилдетип, жүк жана жүргүнчү ташуунун сапатын жогорулатат.
Иштер белгиленген план боюнча уланууда.
