КР ТИМ башчысынын орун басары Россиянын элчиси менен жолукту
2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу өттү.
Анда талкуунун негизги темасы Россия Федерациясынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалы болду. Кыргыз тарап чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясына кирүүсүнө жаңы эрежелерди жана шарттарды киргизүүгө, атап айтканда, өлкөгө кирүү жана болуу максатында алдын ала каттоо жана арыз берүү зарылчылыгына, ошондой эле алардын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн кыскартууга байланыштуу маселелерге басым жасады. Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу жарандарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Россия Федерациясында эркин жүрүүсүнө, ошондой эле иштөө мүмкүнчүлүгүнө жагымсыз таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленди.
Жолугушуунун жүрүшүндө андан сырткары чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарын Россия Федерациясынын жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алууда орус тилин билүү тестирлөөсүнөн өткөрүү боюнча жаңы талаптардын киргизилгендигине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, кыргыз тарабы Кыргыз Республикасынын жарандары акыркы убакта Россия Федерациясына кирүүдө дуушар болуп жаткан, ошондой эле миграциялык каттоого туруу учурундагы кыйынчылыктарга россиялык тараптын көңүлүн бурду.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы орус тилинин статусун эске алуу менен, жогоруда аталган маселелер боюнча россиялык тараптын кароосуна кыргыз тараптан ноталар берилди.
