Бишкекте «Канал-Янтарный берег» операциясынын алкагында 1,5 килограммдан ашык ооган гашиши алынды
«Канал-Янтарный берег» аттуу баңгизатка каршы операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 2006-жылы туулган Ж.С.Г. аттуу жаранды кармашты. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды жашыруун калтыруу жайлары (закладка) аркылуу таратуу менен алектенип жүргөн.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү мурда даярдап кеткен жашыруун жайларды көрсөтүп берген. Ал жерлерден жалпы салмагы 1 килограмм 558 грамм болгон ооган гашиши алынган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Алынган зат соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлдү.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
