Жалал-Абадда мектепте ири өрт чыкты
23 май

Жалал-Абадда мектепте ири өрт чыкты

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылынын мектебинен 23-майга караган түнү өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ билдирет. 

Маалыматка ылайык, ири өрткө Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан жалпысынан 7 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа, 1 автошаты тартылды.

Жеке менчик орто мектебинен чыккан тилсиз жоо саат 02:34тө чектөөгө алынып, 03:34тө толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 1800 ч.м. түзгөн.

Бактыга жараша жабыркагандар жок.