Курулуш министрлиги
2 июль
Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда
Кочкор районунда аянты 4,8 гектар болгон эс алуу багы реконструкцияланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Жаңылоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда.
Долбоорго ылайык, эс алуу багында 9 метрлик флагшток, шахмат жана скейт аянтчалары, амфитеатр, балдар аянтчасы, веложол, отургучтар жана унаа токтотуучу жай курулат. Мындан тышкары коомдук даараткана салынып, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлөт.
Реконструкция иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күндө жарыктандыруу системасы орнотулуп, бак-дарактар отургузулду. Учурда асфальт жана брусчатка төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
