Абайлаңыз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт
13 февраль

Абайлаңыз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт

Ушул жылдын 13-февралынан 16-февралына чейин өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. 

Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак:

  • Бишкек – Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
  • Суусамыр – Талас – Тараз автоунаа жолунун 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу);
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолунун 55-115 чакырымдарында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 45-112 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Красная-Горка – Акташ автоунаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык автоунаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт автоунаа жолунун 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу);
  • Арал – Миң-Куш автоунаа жолунун 1-14 чакырымдарында;
  • Арал — Суусамыр жолунун 8-21 чакырымдарында;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.