Быйыл Бишкектин түндүк айланма жолунун 15 чакырымына асфальт төшөлөт
Быйыл Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан жер иштери жүрүп жатат.
Жолду реконструкциялоо менен кеңейтүү иштеринин алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана муниципалитет тарабынан жол жээгинде жайгашкан курулуштарды бузуп, тазалоо иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Долбоордо эки деңгээлдүү 6 жол түйүнү (двухуровневая развязка) каралган.
Ал эми 2025-жылы анын 15 чакырымын асфальттоо пландалып жатат. Тактап айтканда, быйыл Алма-Ата-Бишкек-Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат.
