Бишкектеги Тоголок-Молдо көчөсүндө мушташкандар милицияга жеткирилди 
видеодон алынган кадр
17 август

Бишкектеги Тоголок-Молдо көчөсүндө мушташкандар милицияга жеткирилди 

Бишкектеги Тоголок-Молдо көчөсүндө мушташкандар милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 13-августта Тоголок-Молдо көчөсүндө эки жарандын ортосунда пикир келишпестик жаралып, жаңжал чыккандыгы тууралуу видео социалдык тармактарга тараган.

Аталган окуя каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган Л.М., жана 1992-жылы туулган А.Д., аттуу жарандардын өздүгү аныкталып, Биринчи май РИИБге жеткирилген.

Жарандарга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинде каралган «Майда бейбаштык» укук бузуусу боюнча протокол түзүлүп, кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлдү.