Чолпон-Атада ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин жыйыны өтүүдө
Чолпон-Атада бүгүн, 4-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 16-жыйыны өтүүдө.
Жыйынды КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев алып барууда.
Координациялык кеңештин аянтчасына Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча тиешелүү министрликтеринин башчылары, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков катышууда.
Күн тартибинде өзгөчө кырдаалдар жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, 2026-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планы жана ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө куткаруучу бөлүмдөрдүн аракетке даярдыгын жогорулатуу каралмакчы.
Жолугушуунун жыйынтыгында Протоколдорго кол коюлат.
