Бишкек шаарында жашы жете элек кызды аңдуу фактысы боюнча
-
2026-жылдын 29-июнунда болжол менен саат 22:30 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Баялинов жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эркек киши 2012-жылы туулган жашы жете элек Р.И. аттуу кызга «кичинекейим» деп кайрылып, анын көңүлүн бурууга аракет кылып, артынан ээрчигени тууралуу маалымат келип түшкөн.
-
Аталган окуя жашы жете элек кыздын апасы З.И.нин көз алдында болгон.
-
Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын Маалыматтык электрондук журналына катталып, сотко чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
-
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Коопсуз шаар» видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен 1992-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Ал Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан «Айчүрөк» ЦУМунун аймагынан Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
-
Кармалган жаран Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.
-
Териштирүүнүн жүрүшүндө Ж.Т. 2023-жылдан бери психоневрологиялык диспансерде каттоодо тураары аныкталган.
-
Алынган маалыматтын негизинде психиатриялык жардам көрсөтүү үчүн адистештирилген медициналык бригада чакырылып, андан соң аталган жаран Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна жеткирилген.
