Саламаттык сактоо министрлиги ДССУнун SCORE методологиясын колдонуу менен изилдөө жүргүзүүдө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) менен биргеликте саламаттыкты сактоонун маалыматтык системаларынын абалын жана медициналык маалыматтарды колдонуунун натыйжалуулугун комплекстүү баалоого багытталган SCORE (Surveys, Count, Optimize, Review, Enable) методологиясын колдонуу менен изилдөөнү демилгеледи.
ДССУ тарабынан иштелип чыккан SCORE методологиясы өлкөлөргө маалыматтарды чогултуунун сапатына, башкаруу чечимдерин иштеп чыгууда аны колдонуунун деңгээлине жана саламаттык сактоо системасын санариптештирүү даражасына комплекстүү талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берген эл аралык таанылган инструмент болуп саналат. Изилдөө саламаттыкты сактоо тармагындагы маалыматтарды башкаруунун натыйжалуулугун баалоого секторлор аралык мамилени камсыз кылуучу саламаттыкты сактоо адистеринин, мамлекеттик статистика органдарынын жана жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын аракеттерин бириктирет.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарман Байдавлетов белгилегендей, медициналык маалыматтардын сапаты саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда негизги ролду ойнойт, анык маалыматтын негизинде натыйжалуу жана негизделген чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
«Маалыматтардын сапатын жогорулатуу 2025-2027-жылдарга санариптик саламаттыкты сактоонун «Санарип MED 2.0» максаттуу моделинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», – деп баса белгиледи министрдин орун басары.
ДССУнун Саламаттык сактоо саясаты боюнча кеңешчиси Аманда Шривис бул изилдөөнү ишке ашыруу Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ), атап айтканда, "Сергек жашоону камсыз кылуу жана бардык курактагы адамдардын бакубаттуулугун жогорулатуу" ТӨМ 3кө жетишүүгө көмөктөшөөрүн баса белгиледи.
Алынган маалыматтар стратегиялык пландаштыруу жана саламаттыкты сактоодо санариптик чечимдерди жакшыртуу үчүн маанилүү курал болуп калат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санариптик саламаттыкты сактоо тармагындагы эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча системалуу иш алып барууда жана калктын кызыкчылыгында маалыматтарды башкаруунун сапатын жакшыртуу боюнча ишти улантууда.
