Элчи Улукбек Марипов Каирдеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
2025-жылдын 15-октябрында Эр-Рияд шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов, Миссирде шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын активисттери менен жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи У.Марипов, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн алгач ирет Кайр шаарында 2025-жылдын 30-ноябрында өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн өзүнчө шайлоо участкасы ачылаарын маалымдады.
Элчи кыргыз жарандарына бул жолу колдонулуучу көп мандаттуу жана мажоритардык шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү жана чет өлкөдө жашаган мекендештердин добуш берүүгө катышуусунун уюштуруучулук-техникалык тартиби тууралуу маалымат берди.
У.Марипов Египетте жашаган кыргызстандыктарды жарандык жигердүүлүк көрсөтүп, алдыдагы шайлоого активдүү катышууга чакырып, ар бир жарандын өлкөдө өкүлчүлүк бийлик органдарын түзүүдөгү орду өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Элчи биринчи жолу Египеттеги кыргыз диаспорасынын өкүлү 2025-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарында өттө турган Кыргыз Республикасынын IV Элдик курултайына катышарын маалымдап, мекендештерди бул маанилүү иш-чарага катышуучу бирдиктүү делегатты тандоого чакырды.
Жолугушуунун катышуучулары бул маалыматты зор кубаныч менен кабыл алып, чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарынын жарандык укуктарын камсыздоого мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан көңүл бурууну жогору баалашты жана алдыдагы иш-чараларга активдүү катышууга даяр экенин билдиришти.
