Аманова сел жүрүү коркунучу бар аймактардагы үйлөрдүн баарын мыйзамдаштырууну сунуштады
Депутат Салтанат Аманова Жогорку Кеңештин жыйынында сел каптаган айылдагы үйлөрдүн тагдырына байланыштуу чечим кабыл алуу зарылдыгын билдирди.
Ал 2022-жылы Ошто болгон катуу селди эстеди.
“Анда адам өлүмү да болгон. 18 үй жараксыз абалга кептелген. Бирок аларга документтери жана камсыздандыруусу жок болгондуктан жардам берилбеген. Деги эле мындай учурда жабыркаган үйлөрдүн тагдыры кандай болот, жардам көрсөтүлүшү керекпи?”, – деп сурады депутат.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов өзгөчө кырдаалдар катталган учурда, адистер жерине бараарын, изилдөө иштерин жүргүзүп, корутунду чыгараарын айтты.
Ал белгилегендей, бул айтылгандар мыйзамдуу курулуштарга таандык. Ал эми мыйзамдуу документтери жок курулган үйлөр менен маселе жаралат.
“Бирок ага карабастан бизде атайын мониторинг департаменти бар жана ал коркунучтуу аймактардын эсебин алат. Анткен менен мындай маселелер жергиликтүү бийлик жана камсыздандыруучу компаниялар тарабынан чечилүүгө тийиш”, – деди ал.
“Өлкө боюнча жүргөн селден так ошол тоолуу райондордогу жаңы конуштар жабыркайт. А аларда дайыма эле документ боло бербейт. Сел коркунучу бар аймактарда жайгашкан үйлөрдү мыйзамдаштырып же убактылуу камсыздандырууга кошуш керек. Же андай аймактарда үй курууга такыр уруксат бербөө зарыл”, – деди Аманова.
