ИИМдин фельдъегердик кызматына жаңы жетекчи дайындалды
31 июль

ИИМдин фельдъегердик кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин фельдъегердик кызматына жаңы жетекчиси тааныштырылды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты. 

Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков өздүк курамга жаңы дайындалган фельдъегердик кызматтын башчысы — ички кызматтын подполковниги Доолотбаев Талантбек Болотовичти тааныштырды.

Министрдин орун басары фельдъегердик кызматка жүктөлгөн милдеттердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Талантбек Болотовичтин жетекчилиги астында тапшырылган багыттын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу менен алдыга коюлган милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарууну улантаарына ишенимин билдирди.