Кызыл-Адырдан Чоң-Капка өткөрмө пунктуна чейинки жолго толук асфальт төшөлдү
видеодон алынган кадр
17 август

Кызыл-Адырдан Чоң-Капка өткөрмө пунктуна чейинки жолго толук асфальт төшөлдү

Кировка – Гребень – Плотина унаа жолу (Кызыл-Адырдан Чоң-Капка өткөрмө пунктуна чейинки) 11 чакырым тилкеге асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматта айтылгандай, ал эми жолдун асфальтталышы менен аймактагы транспорттук байланыш жакшырып, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүү шарттары түзүлдү.

Жалпысынан 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорундагы жалпы 28 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө каралган.

Долбоор үч тилкеге бөлүнүп ишке ашырылууда:

- Тараз–Покровка–Кайыңды унаа жолу – 9 чакырым. Учурда ШМА төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

- Гребень–Плотина–Покровка унаа жолу – 8 чакырым. Экинчи катмардагы асфальт төшөө иштерине даяр.

- Кировка–Гребень–Плотина унаа жолу (Кызыл-Адыр-Чоң– Капка) 11 чакырым. Асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады.

Талас облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.

Ал эми жол куруу жана оңдоо иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө.