Бишкектен Кербенге алгачкы техникалык каттам аткарылды
Бишкектен Караколго биринчи техникалык каттам аткарылды, деп кабарлайт "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгы.
Маалыматка ылайык, бүгүн "Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Кербен аэропортуна конду. Ал эми коммерциялык каттамдар үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тартып аткарылат.
Каттамдар ар ишемби күнү аткарылат.
Белгилей кетсек, билеттер asmanairlines.kg тиркемесинде жеткиликтүү.
