Дерматовенерология борборунда кымбат жабдуулар кутуларда чаң басып жатат. Министр тынчсыздануусун билдирди
31 июль

Дерматовенерология борборунда кымбат жабдуулар кутуларда чаң басып жатат. Министр тынчсыздануусун билдирди

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен бирге Республикалык дерматовенерология борборуна барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Иш сапардын жүрүшүндө министр мекеменин профилдик бөлүмдөрүнүн иши жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Борбордун жетекчилигинин маалыматына ылайык, 70 орундуу стационардан учурда болгону 33үндө гана бейтап бар, көпчүлүк палаталар бош турат. Койко фондду аткаруу көрсөткүчү болгону 70% түзөт. Бул жагдайга байланыштуу министр койко фондду натыйжалуу пайдалануу жана дарылоо процесси сапаттуу жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын жыйынтыктоочу коллегиясынын чечими менен орундардын толук кандуу колдонулбаганына байланыштуу Республикалык дерматовенерология борборунун жетекчилигине тартиптик чаралар көрүлгөн.

Өзгөчө көңүл заманбап медициналык жабдууларды ишке киргизүү маселесине бурулду. Депутат Бекешевдин демилгеси менен республикалык бюджеттен 7,5 миллион сом бөлүнүп, бул акчага ультрафиолет терапия аппараты, видеодерматоскоп жана жаңы муундагы УЗИ аппараты сатып алынган.

Жабдуулар июнь айында жеткирилгенине карабастан, азыркыга чейин ишке киргизиле элек. Мекеме жетекчилиги кечиктирүүнү атайын бөлмөнү даярдоо жана оңдоо иштеринин жүрүп жатканы менен түшүндүрдү.

Министр түзүлгөн кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирди.

«Бул жабдууларды сатып алуу абдан маанилүү экенин өзүңөр айткансыңар. Азыр болсо ал жабдуулар кутуларда чаң басып жатат, а бейтаптар болсо жардамга муктаж. Бул – таптакыр жол берилгис көрүнүш. Бөлмөлөрдү даярдоону ыкчам бүтүрүп, жабдууларды ишке киргизгиле», — деди Эркин Чечейбаев.

Ал мындай мамиле башкаруучулук жоопкерчиликсиздиктин көрсөткүчү экенин белгиледи:

«Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн ар бир сом жарандарыбыздын саламаттыгы үчүн иштеши керек. Эгерде алынган жабдуулар колдонулбай жатса — бул түздөн-түз башкаруунун натыйжасыздыгынын белгиси. Жооптуу кызматкерлерге тиешелүү тартиптик чаралар көрүлүшү шарт».

Сапардын жыйынтыгында министр бардык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине кайрылуу жасады:

«Мындай учурлар кайталанбашы керек. Ар бир алынган жабдуу дароо ишке киргизилип, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнүн ажырагыс бөлүгү болушу зарыл. Жетекчилер жабдуунун орнотулушун, кызматкерлердин окутулушун жана эксплуатациянын башталышын өз убагында камсыз кылууга милдеттүү. Бул — кесиптик этиканын эле эмес, бейтаптарга жана коомго болгон урмат-сыйдын маселеси».