Чүй облусунда 100 орундуу облустук төрөт үйүн жайгаштыруу пландалууда
17 август

Чүй облусунда 100 орундуу облустук төрөт үйүн жайгаштыруу пландалууда

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында мурдагы оорукананын имаратын капиталдык оңдоо иштери уланууда. Анын базасында 100 орундуу облустук төрөт үйүн жайгаштыруу пландалууда.

2026-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов иш сапарынын алкагында долбоорду ишке ашыруунун башталышы менен таанышкан. Бүгүнкү күндө объект капиталдык оңдоонун акыркы баскычында турат.

Учурда имараттын фасаддык иштеринин басымдуу бөлүгү аткарылып, терезе конструкциялары орнотулуп, ички жасалгалоо иштери уланууда. Инженердик коммуникацияларды, желдетүү системаларын, шып конструкцияларын монтаждоо жана имаратты мындан ары пайдаланууга даярдоо үчүн зарыл болгон башка иштер жүргүзүлүүдө.

Капиталдык оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 200 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, болочок төрөт үйүнө зарыл болгон медициналык жабдууларды сатып алууга өзүнчө 89 млн сом каралган.

Иштер аяктагандан кийин жаңы имаратта 100 орундуу облустук төрөт үйү жайгаштырылат. Бул Чүй облусунун аялдарына акушердик жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртууга жана медициналык кызматкерлер менен бейтаптар үчүн заманбап талаптарга жооп берген инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда Чүй облустук төрөт үйү мурда бала бакча катары пайдаланылган имаратта жайгашкан, бул адистештирилген медициналык жардамды толук кандуу уюштурууга мүмкүнчүлүктөрдү чектеп келет.

Долбоордун алкагында кош бойлуу жана көз жарганы келген аялдарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон шарттарды, анын ичинде тиешелүү медициналык инфраструктураны жана жабдууларды түзүү каралган.

Саламаттык сактоо министрлиги оңдоо иштеринин жана объектти жабдуу процессинин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүүнү улантууда. Капиталдык оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттөргө ылайык аяктоо пландалууда.