Муфтият ажылардын формасын тигүү боюнча сынак жарыялады. Талаптар
Сүрөт ачык булактардан алынды
17 август

Муфтият ажылардын формасын тигүү боюнча сынак жарыялады. Талаптар

2027-жылдагы ажылык иштерине даярдык башталгандыгына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (муфтият) ажыга баруучулардын кемселин тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт.

Катышуучуларга коюлган талаптар.

1. Ажылыкты уюштуруу боюнча Ведомство аралык комиссянын төрагасынын атына арыз.

2. Конкурстун катышуучуларынын документтеринин көчүрмөсү.

3. Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү.

4. Чыгашасыз ишмердигинин далили катары акыркы үч жылдагы өкүлдүк орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын оригиналынын бардык тиркемелери менен сканирленген көчүрмөсүн берүү.

5. Сынакка катышуучунун экономикалык кылмыштар боюнча соттолбогондугу (Кыргыз Республикасынын ИИМнин жазуу түрүндөгү маалыматы менен тастыкталат).

6. Конкурска катышуучу менен кардардын ортосунда кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу. Мындайча айтканда, кардардын жетекчисинин, конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү же башкалар менен тууганчылык мамиледе болбоосу (уюмдун бланкына жетекчинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат).

7. Тигүү ишканаларынын рыногунда конкурстун катышуучусунун акыркы 3 жылдагы иши жөнүндө тастыктоочу финансылык документтер.

8. Салык кызматынан карызы жоктугу жөнүндө тиешелүү аныктама.

9. Реквизиттер.

10. Зыяратчылар (эркектер жана аялдар) үчүн кемсел (жилет) кийимдеринин үлгүсү.

11. Штаб мүчөлөрү (эркектер жана аялдар) үчүн кемсел (жилет) кийимдеринин үлгүсү.

12. Ажылардын буюмдары үчүн сумкалардын (рюкзактардын) үлгүсү.

Конкурс тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот: дареги: Бишкек ш, Жибек-Жолу 264/3.

Документтер 2026-жылдын 21-августунан 18-сентябрына, саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.

Сынак 2026-жылдын 22-сентябрында өтөт.