Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады
Бишкек мэриясы
20 июнь

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

Бишкектин Чүй проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде бүгүн, 20-июнда жаңы жол чырактар орнотулуп, пилоттук негизде ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Башкы максат жол тыгынын азайтуу жана транспорт агымын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Долбоордун алкагында жаңы жол чырак объектилеринин иштөө алгоритми, унаа агымына тийгизген таасири жана белгилүү бир убакыт аралыгында жол кыймылын уюштуруудагы өзгөрүүлөр боюнча талдоо жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, жаңы жол чырак объектилеринин ишине тынымсыз мониторинг жүргүзүлүп турат. Анын жыйынтыгы менен жол кыймылын жакшыртуу боюнча мындан аркы чечимдер кабыл алынат.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын атынан гранттык негизде жол чырактарды орнотууну ишке ашырган «Vokko» компаниясына шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат тапшырылды.