Кыргызстандыктар августтун аягында эки күн катары менен эс алышат
Сүрөт ачык булактардан алынды
17 август

Кыргызстандыктар августтун аягында эки күн катары менен эс алышат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга жана иш берүүчүлөргө майрамдык жана кошумча эс алуу күндөрүнө байланыштуу иш тартиби жөнүндө маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү — иш эмес майрам күнү болуп саналат.

Кызматкерлерди иш эмес майрам күндөрүндө ишке тартууга алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу жана уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу менен жол берилет. Мындан тышкары, ишти токтотууга мүмкүн болбогон жумуштарда, анын ичинде үзгүлтүксүз иштеген уюмдарда, калкты тейлөө зарылдыгына байланыштуу жумуштарда, ошондой эле шашылыш оңдоо жана жүктөө-түшүрүү иштеринде өзгөчө тартип колдонулат.

Иш эмес майрам күнүндө иштегендиги үчүн тараптардын макулдашуусу боюнча кызматкерге башка эс алуу күнү берилет, иштеген күн эмгек өргүүсүнө кошулат же эмгек акы кеминде эки эселенген өлчөмдө акчалай компенсацияланат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 479 токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-сентябры Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн орточо күндүк эмгек акысы сакталуу менен эс алуу күнү болуп белгиленген.

Жеке менчик уюмдары үчүн аталган токтом сунуштама мүнөзүндө болот.